Биз менен байланышыңыз

Токтор Бекбоев: Чыгармачылыгыма жол салган Жумамүдүн Шералиев болгон

«Мен жана мезгил» программасынын  коногу  актер, куудул  Токтор Бекбоев чыгармачылыктагы  узун  жолдун  учун  кайрып, маек  куруп  берди.

— Агай  жалпы журтубузга өзүңүз жөнүндө, анан өнөргө келишиңизге ким түрткү болду,  тарыхын айтып өтсөңүз?

— Нарын облусунун Кочкор районунун Ак- Жар деген айылында, тамашалап айтканда, кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөм (күлүп). Эч ким деле мага аккордеон үйрөн, же болбосо комузду үйрөнүп ал деп айткан жок. Кудай берген талант, өнөр болсо, анан кызыгуу болсо болот экен. Мен өзүм кичинемден ырга жакын болчумун, артисттерге жакын болчумун. 4-5-  класста окуп жүргөндө апам алып берген кыягым бар эле.  Агаларым дагы кыяк тартышчу,  анан ошолорду көрүп, менде шык пайда болсо керек. Ал кыягым азыркыга чейин бар. Андан кийин аккордеонго өттүм, апам ал убакта саанчы эле. Чоң сарайларда таң атканча ырдап эле олтурчумун.

— Ырдап жүрүп актёр болуп кетишиңизге эмне түрткү болду?

— Мен актёр болом деп эч ойлобоптурмун, армияга барып келдим.  Келгенден кийин Асанкалый Керимбаев хит болуп турган экен.  Анан дароо аккордеон сатып алып ырдай бердим. Ошентип жүрүп, бир күнү Нарынга барып калдым, ал жактан жарыя окуп калдым, «жаш таланттарды кабыл алабыз» деп туруп, алдына «композитор Жумамүдүн Шералиев» деп жазып коюптур, анан эмне болсо дагы мени алып барыңыз деп жездеме айтып бардым. Жумамүдүн Шералиевди мен башкача элестетип барыптырмын. Ал деген улуу инсан го, жездем үйүнө алып барды, барсам аябай жөнөкөй киши экен. “Ырдаганыңды угуп көрөлү, датасын айтам, сага телеграмма жөнөтөмдеп калды. Ошентип айылга барып мактанып «Жумамүдүн Шералиев чакырат мени» деп айтсам шылдыңдап, мага ишенишкен жок. Бир күнү телеграмма келди, алдында «Жумамүдүн Шералиев» деп турат. Баягы ишенбей жаткандардын баары  «жөнө эле, жөнө, бар, сенин коюңду биз эле багабыз« деп жөнөтүштү. Келдим, келсем ал жерде чоң артисттер дагы бар экен. Мен болсо кой кайтарып жүргөн баламын, коркуп эки көзүмдү жумуп алып ырдадым. Жаман ырдадымбы, жакшы ырдадымбы билбейм «ушу балада бир нерсе бар, бул баланын кой кайтарганын укпайын« деп Жумамүдүн аксакал мага биринчиликти алып берген.

— Өнөр чөйрөңүз улуу инсан аралашып башталган экен, ал жакта канча окудуңуз?

— Ал жактан Муратбек Рыскулов атындагы драм театрында иштедим. Ал жерде эмне деген дөө-шаалар иштейт, ошондо Күмөндөр Абылов байкелер көп эмгектенип калган агалар эле, а мен болсо жаш баламын. Ошентип иштеп калдым, ал жакта окутат экен, үйрөтөт экен. Ошол жактан роль аткара баштадым, гастролдоп чыгып калганда интермедия аткара баштадым, куудул болуп калганым дагы ошондон да.

— Сатираны эл мурда кандай кабыл алчы эле, азыр кандай кабыл алат?

— Бул сатира өтө татаал жанр, элди ыйлатыш оңой, күлдүрүү кыйын. Мурдагы көрүүчүлөр менен азыркы көрүүчүлөрдүн айрымасы абдан чоң, азыр элди күлдүрүү кыйын, мурда спектакль көрүп жатып ыйлачу, азыр күлөт кайра.

— Өзүңүз ойлоп тапкан сатиралар барбы?

— Мен өзүм көп деле сатирик эмесмин, мурда интермедия ойноп жүргөндө деле болгон окуяларды эле ойноп элден алып, элге күлкү кылып жеткирчүмүн. Азыркы учурда уулум экөөбүз кыска күлкүлөрдү тартып жатабыз, өзүм монтаж кылам.

— Кандай кинолордо роль жараттыңыз?

— Мен негизи үч-төрт  эле киного тартылдым, башка чоң ролго деле тартыла элекмин. Буюрса,  алдыда чакырып калса тартылабыз.

— Сизге тандоо берилсе, кайсы каарманды ойнойт элеңиз?

— Чоң бир милициянын ролун ойногум келет. Анан өткөндө дагы чалдын  образын жараткан сүрөт жүктөдүм эле, ошол сүрөттү көрүп Күмөндөр байке «болду актёр издебейм, бир сценарий жазып жүрөм, ошого чакырам« деп калды. Анан сүйүнүп калдым.

— Сиздин үй-бүлөңүз менен жараткан комедияларды эл кандай кабыл алып жатат?

— Мен тарткан тамашалардын 80% элге жагат да, эми 20% пайызы анча-мынча түшүнбөй калып урушкандар дагы бар. Бирок жалпы жонунан баары жакшы.

— Чыгармачылыктан тышкары дагы кандай өнөрүңүз бар?

— Биз эми айылда чоңойдук, колуман көп эле иш келет. Кара жумушту дагы кыла алам. Бул жакта деле тиричилик кылыш керек да, чакан дыйканчылык чарбачылык иштерди кылып турам.

— Ырчылардын арасынан өзгөчө кайрыктары бар деп кимди эсептейсиз?

— Бабаравшан Тургунбаевге көп окшоштурушат, үнүңөр окшош деп айтышат, өзүм деле ал кишини кумир тутуп чоңойгом.

— Артка кылчайганда эмнелер көз алдыңызга тартылат?

— Адам болгондон кийин сөзсүз өкүнүч болот экен. Көп нерсени жасай албай калдым деп өкүнгөн учур болот, бирок азыркы учурда ошол нерселерди жасаганга мүмкүнчүлүк бар, себеп заман талабына ылайык, баардык техника даяр, жасасаң болот. Ушул чөйрөдө жүргөнүмө эч качан өкүнбөйм.

— Достукка кандай карайсыз?

— Дос деген көп эле болот, достук бул жаман нерсе эмес. Алар  иргелип олтуруп,  биздин жашка келгенде саналуу эле калат экен, а жаш кезде баарын эле «дос« дей берет экенбиз да.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Азыркы тартып жүргөн кыска тамашаларды, 15-20 минут кылып  тартууну пландап жүрөм. Сахнада дагы иштей турган жумуштар бар. Эң башкысы эл аман болуп,  оору-сыркоодон алыс болуп, тойлор көп болсун.

Copyright © 2017 Maral FM