Биз менен байланышыңыз

Гүлжигит Сатыбеков: Жакында той берсек деп жатабыз

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 8099 | 0

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековдун жарандык никедеги жубайы бар. Бул тууралуу ал өзү «Марал-шоу» программасына маек берип жатып маалымдады.

— Үй-бүлөм тууралуу айтсам, жарандык никеде жашообуз болгон, болуп келе жатат. Буюрса, быйыл элден бата алып, жакшы бир той кылабыз деген үмүт бар, — дейт ырчы.

Мындан тышкары, алдыңкы планы тууралуу да кеп салды. Анын айтымында, жакын арада Кыргызстан жана Орусия өлкөлөрүнө концерт коёт.

— Концерттин аталышы «Ош-Бишкек-Москва» деп аталат. Буюрса, Ош шаарынан баштайлы деп жатабыз. Андан соң, Бишкек шаарына келип, акырында Москва шаарына барабыз да, жыйынтыктоочу кече өткөрөбүз. Бул концерттин өзгөчөлүгү: чыгармачылыгымды сыйлаган эң жакын, мыкты күйөрмандарыма билеттер чакыруу иретинде акысыз тартууланат, — деди Сатыбеков.

 

Copyright © 2017 Maral FM