Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын ЖОЖдорунда Бирдиктүү терезе системасы иштөөдө

Кыска кабар | 24 Дек 2019 | 760 | 0

Бирдиктүү терезе системасы боюнча берилүүчү документтерди автоматташтыруу Ошто 2017-жылы башталган. Керектүү маалымкаттарды «бирдиктүү терезе» аркылуу кыска мөөнөттө табууга болот.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымова билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкек гуманитардык университети, Кыргыз мамлекеттик университети, Медициналык Академия, Агрардык окуу жайлары Бирдиктүү терезе системасы менен иштөөдө. Азыр жеке менчик окуу жайлар да системага кирип жатат. Буга чейин студенттер көп жерге барып кол койдурса, азыр 20 мүнөттө эле иштерин бүтүрө ала алат. Бирдиктүү терезе режиминде жогорку окуу жайында (ЖОЖ) билим алганыңыз жөнүндө маалымкат, дипломду аныктоо үнүн маалымкат жана башка документтерди алууга болот.

Ал ошондой эле, 2017-жылдан тарта казакстандык көз карандысыз агенттик аркылуу Кыргызстандын ЖОЖдоруна рейтинг жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM