Биз менен байланышыңыз

Марипов курулуш тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүнү тапшырды

Кыска кабар | 20 Фев 2021 | 425 | 0

Бүгүн 20-февралда, Премьер-министр Улукбек Марипов курулуш тармагын өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кыматы кабарлады.

Марипов, Кыргызстандын курулуш индустриясынын өнүгүшү өтө маанилүү экенин билдирди. Себеби ал өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана экономикалык өсүшкө чоң таасирин тийгизет.

“Курулуш тармагы — бул өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири. Анын ИДПдагы үлүшү 10% ды түзөт. 2020-жылы коронавирус пандемиясынын кесепетинен экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө жана инвестициялардын азайышына карабастан 900 миң чарчы метрден ашык турак жай пайдаланууга берилди. 2020-жылы курулуш тармагына инвестиция көлөмү 46 миллиард сомдон ашты. Бүгүн биз бул тармакта көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү талкуулап, көйгөйлөрдүн комплекстүү чечимдерин табууну көздөп жатабыз», — деп белгиледи Улукбек Марипов.

Премьер-министр курулуш компанияларынын жетекчилерине кайрылып, жаңы долбоорлоордо жана курууда жарандар үчүн жеткиликтүү баада ыңгайлуу турак-жайга басым жасалышы керектигин айтты.

Жыйындын алкагында курулуш бизнесинин өкүлдөрү да көйгөйлүү маселелерди айтышты. Атап айтканда, бул инженердик тутумдарга, электр энергиясына, ысык жана муздак суу менен камсыздоо тармактарына, канализация жана борбордук жылытуу тутумдарына туташтыруу, текшерүүчү органдардын компаниялардын ички иштерине кийлигишүүсү, уруксат алуудагы бюрократия, жер маселелери, мамлекеттик органдардагы кадрдык өзгөрүүлөр. Мындан тышкары, архитектура жана курулуш жаатында «бирдиктүү терезенин» ишинде көптөгөн бюрократия байкалууда. Мамлекеттик органдар менен өз ара түшүнүшүү жок, бирок республикалык бюджеттин олуттуу бөлүгү бизнестен чегерүүлөрдөн түзүлөрүн билдиришти.

Марипов айтылган көйгөйлөр көптөн бери күн тартибинде тургандыгын баса белгилеп, аларды этап-этабы менен чечүү керектигин айтты.

«Кайталанган органдарды алып салуу керек, алар көйгөйлөрдү тез арада чечүүнүн ордуна, тескерисинче, бизнеске тоскоолдуктарды жаратат. Айрым учурларда, курулуш тармагынын ишкерлери түздөн-түз мекемелердин өкүлдөрү менен байланышып, оң техникалык шарттарды жана документтерди алышы керек. Бул коррупцияга алып келет. Мунун бардыгы менен күрөшүү керек»,-деди Өкмөт башчы.

Жолугушуунун жыйынтыгында Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине курулуш тармагында иштеген уюмдардын өкүлдөрү көтөргөн маселелерди тез арада чечип, инвентаризация жүргүзүп, курулуш тармагын жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM