Биз менен байланышыңыз

Алдамчылыкка шектелип издөөгө алынган казак жараны Бишкектен кармалды

Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 393 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) алдамчылыкка шектелген Казакстандын жаранын колго түшүрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Шектүү Казакстандын Финансы министрлигинин финансылык мониторинг боюнча комитетинин Экономикалык иликтөө департаменти тарабынан издөөдө жүргөн.

Эки өлкөнүн тийиштүү мекемесинин өз ара кызматташуусунун алкагында 15-декабрда шектүү М.Д. Финполдун ыкчам эсеп, анализ жана издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкектен кармалган.

Шектүү Казакстандын Кылмыш кодексинин алдамчылык, бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же алдоо жана ишенимден кыянат пайдаланып, башка бирөөнүн мүлк укугуна ээ болуп алуу беренеси боюнча ири өлчөмдө кылмыш жасады деп айыпталууда.

Copyright © 2017 Maral FM