Connect with us

Ошто 16 жолу соттолгон жаран кайра кылмышка шектелип кармалды

Кыска кабар | 29 Янв 2020 | 732 | 0

Кечээ, 28-январда Ош шаарында мурда 16 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган 1997-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Кармалган жаран Жазык- процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2019-жылдын 12-октябрында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарынын 23 жаштагы тургуну Гүльнара арыз менен кайрылып , анда Нурматов көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде эс алып жаткан учурда белгисиз атуул эч бир себептерсиз уруп, бетине бир нече жолу тээп, денесине жарат келтирип, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетип калгандыгын билдирген.

Материалдар Ош ШИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси менен катталып, шектүүгө издөө жарыяланып, жабырлануучуга тиешелүү экспертиза дайындалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү “Аманкелди”  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын тизмесинде турганы аныкталды.

Ал Өзгөн районунда каттоодо турганы менен Ош шаарында жашап жүргөн.

Шектүү А.А. мурда жасаган кылмышы үчүн Ош шаарында жайгашкан Жазаны аткаруу кызматынын жатак абактарынын биринде жазасын өтөп жатып, өз убагында каттоодон өтпөй, бул кызмат тарабынан дагы издөөдө жүргөндүгү аныкталды.

Copyright © 2017 Maral FM