Биз менен байланышыңыз

Тил үйрөтүүчү Абубакарды өлтүрүүгө шектелген жаран 2 айга камалды [видео]

Кыска кабар | 6 Июл 2019 | 477 | 0

Кыргызстанда тил үйрөтүп жүргөн Нигерия жараны Али Абубакарды өлтүрүүгө шектелген жаран К. Э. № 1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.

Мындай чечимди кечээ Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту чыгарганын Бишкек шаардык милициясы кабарлады.

2-июлда «Cambridge School» тил үйрөтүү мекемесинин директору нигериялык Тижжани Али Абубакар Айчүрөк соода борборунда иштеген 22 жаштагы К.Э. менен чырдашат.

Кыргызстандык жаран каршылашы Али Абубакарды бетке уруп жиберген. Катуу соккудан ал эси ооп, жерде кулап калган.

Эки күн өзүнө келбей, Тижжани Али Абубакар 4-июлда каза болгон.

Анын сөөгү Арча-Бешиктин үстүндөгү көрүстөнгө коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM