Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ишкерди алдаган шектүүнү милиция колго түшүрдү

Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 432 | 0

Бишкекте соода-сатык менен алектенген ишкердин 40 миң долларын алдап алууга шектелген жаранды милиция колго түшүрдү. Ал  кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жаран болуп чыкты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалымат кызматы билдирди.

6-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМнин Тергөө кызматына Р.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 22-март күнү Бишкек шаарында таанышы Сталбек жана анын достору Кубан, Алмаз аттуу жарандарга жолугат. Алар Р.Тдан Дордой базарынын борбордук өтмөгүнүн жанынан «контейнер сатып алып беребиз» деп, алдоо жолу менен жалпысынан 40, 000 АКШ долларын алышкан. Азыркы күнгө чейин алар контейнер алынбай, же акчасын да кайтарып беришкен эмес.

Жогорудагы факты кылмыштардын, жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, “Адамчылык” беренесинде каралган кылмыш курамы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

9-декабрь күнү ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын атайын каттоосунда турган 1979–жылы туулган К.Т. аттуу Бишкек шаарынын тургунун кармашкан.

Шектүү ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан ЖПКнин 98-беренесинин негизинде Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM