Биз менен байланышыңыз

Виза жасап берем деп 11 кишини 96 миң долларга алдаган аялдар кармалды

Кыска кабар | 29 Окт 2019 | 976 | 0

Чет өлкөгө виза жасап иштеген эки аялды милиция колго түшүрдү. Алар алдамчылык кылмышына шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек милициясынын маалымат кызматы кабарлады. Шектүүлөр 1973-жылы туулган З.Ж. жана 1960-жылы туулган О.Н. Бишкек ШИИБнын криминалдык милициясы тарабынан кечээ кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө жүрүүдө.

Маалыматка ылайык Нурзада жана Замира аттуу эки аял (ысымдары өзгөртүлгөн) өткөн жылдан бери адамдарды алдап жүргөнү боюнча 23-октябрда 11 кишиден милицияга арыз түшкөн.

Шектүүлөр Норвегия жана АКШ мамлекеттерине виза жасап беребиз деп убада беришип, ал үчүн бир канча миң АКШ доллар алышкан. Убаданы аткарбастан, изин жашырып качып кетишкен. Муну менен алар жарандардын жалпысынан 96 миң доллар акчасын алышкан.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, 204 — “Алдамчылык” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Милиция бул шектүүлөрдөн жапа чеккендер же алар тууралуу маалыматтарды билгендер болсо, төмөнкү: 0 (550) 102-168, 0 (555) 888-864 жана 102 телефондоруна чалууну өтүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM