Биз менен байланышыңыз

Жер тилкелерин алдамчылык менен сатууга шектелген жаран изделүүдө

Кыска кабар | 7 Фев 2020 | 527 | 0

Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Жазык кодесинин 204-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган “Алдамчылык” фактысы боюнча, шектүү катары Нарын облусунун жашоочусу 1961-жылы туулган Жумабаева Айнагуль изделүүдө. Ленин РИИБнин тергөө кызматы жана криминалдык милиция кызматы тарабынан шектүү жаранды издөөгө бир нече ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлгөн, бирок азыркы учурга чейин натыйжа болгон эмес. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Сот, тергөө кызматынын өтүнүч сунушу менен шектүү жарандын укук коргоо органдарынан жашырынуусун жана туруктуу жашаган жери болбогондугун эске алуу менен баш коргоо чарасы катары камакка алуу түрүн тандаган. Ошондой эле шектүү жаран издөөгө берилген. Шектүүгө карата тандалган баш коргоо чарасын аныктоо тууралуу соттун токтому шектүүнү Кыргызстандын аймагынан сырткары кармоого жана укук коргоо органдарына тапшырууга  уруксат берет.

Кошумчалай кетсек, 2011-жылы Бишкек шаарынын жашоочусуна Айнагуль аттуу аял “Ак-Ордо” жаңы конушунан жер тилкелерин алып берем деген шылтоо менен жабырлануучунун 308 миң сом акчасын алдап алып, изин жашырып качып кеткен. Кийинчирээк жабырлануучу ички иштер органдарына тиешелүү чараларды көрүп берүү үчүн арыз менен кайрылган.

2019-жылдын март айында аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда Бишкек шаарынын Ленин РИИБи тарабынан алдамчылыкка шектүү жаранды кармоого багытталган  ыкчам-издөө чараларын жүргүзүү уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM