Биз менен байланышыңыз

УКМК Сыргак Кенжебаевге карата козголгон кылмыш ишти ИИМге өткөрүп берди

Кыска кабар | 24 Дек 2019 | 695 | 0

Алдамчылыкка шектелип кармалган Сыргак Кенжебаев боюнча кылмыш иши Ички иштер органдарына жиберүү маселесин кароо максатында Башкы прокуратурага өткөрүлдү.

Иш кечээ, 23-декабрда жөнөтүлгөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) коомчулук менен байланыш кызматы бүгүн билдирди.

Сыргак Кенжебаев 20-декабрда Казакстандын Алматы шаарынан кармалып, УКМК Тергөө камак жайына киргизилген. 21-декабрда Кенжебаевке аталган кылмыш жасагандыгы тууралуу билдирме берилип, ошол күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, Бишкек шаарынын 1-Тергөө камак жайына кармоо чечимин чыгарган.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 14-декабрында УКМКга М.М. аттуу Кытай Эл Республикасынын жараны Сыргак Кенжебаев алдамчылык жолу менен анын 350 000 АКШ долларын алганын айтып кайрылган.  Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө ал кытай инвесторунан кошумча 250 000 АКШ долларын талап кылгандыгы тууралуу талашсыз далилдер көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM