Биз менен байланышыңыз

УКМК эл аралык издөөгө салган кыргызстандык Москвадан кармалды

Кыска кабар | 17 Янв 2020 | 456 | 0

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) алдамчылыкка шектеп издеп жүргөн Баткен облусундагы мурунку мамлекеттик кызматкер Москвадан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалымат кызматы билдирди.

Шектүү — 1980-жылы туулган Г.А. 2011-жылдан баштап 2015-жылга чейин Баткен облусундагы коммуналдык кызматта оператор болуп иштеген. Ал коммуналдык кызматтар үчүн төлөнгөн акчаларды кабыл алган. Бирок акча толугу менен казынага түшкөн эмес, тактап айтканда, акчанын бир бөлүгүн өзүнө алып, дүмүрчөккө башка сумманы жазып жүргөн. Шектүү мамлекетке ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирген.

УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү кызматкерге карата Кылмыш-жаза кодексиндеги алдамчылык жана ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу беренелери боюнча кылмыш иш козгогон. Бирок шектүүнү кармоого мүмкүн болбой, эл аралык издөө жарыяланган. Бир нече жылдан кийин шектүү кармалды. Ушул жылдын январь айында издөө иш-чараларынын жүрүшүндө колго түштү. Ал Россияда жашырынып жүргөн. Аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мекенине которуу маселеси каралып жатат, — деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM