Биз менен байланышыңыз

КСДПчы Кундуз Жолдубаевага дагы 4 кылмыш боюнча маалымдама берилди

Кыска кабар | 31 Дек 2019 | 986 | 0

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын дагы төрт кылмышка шектелгени боюнча маалымдама берилди. Бул тууралуу ал өзү маалымат каражаттарына билдирди.

Жолдубаеванын айтымында, ал курал-жарактарды басып алууга, тергөөгө тоскоолдук кылууга, адамды кооптуу абалда калтыруу жана ден соолукка зыян келтирүү беренелери боюнча шектелүүдө.

Мага эми 7 кылмыш иши боюнча маалымкат топтолду. Дагы барымтага алуу, бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо жана массалык башаламандык уюштуруу кылмыштарына шектелип жатам, — дейт ал.

Кундуз Жолдубаеванын мүлктөрү камакка алынганын билдирет. Сот анын баш коргоо чарасын карап, үй камагын тандаган.


Жолдубаева үй камагына алынып, Мискенбаев камалды


Буга чейин ал өзүнө тагылып жаткан иштер боюнча күбө катары саналып келген.

Copyright © 2017 Maral FM