Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 6-майга жылдырылды

Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 759 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыркы Кой-Таш окуялары боюнча ачылган кылмыш ишин кароо айрым адвокаттардын келбей калгандыгына байланыштуу 6-майга жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди бүгүн, 29-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алып келишкен болчу, бирок айрым адвокаттардын келбей калгандыгына байланыштуу соттук отурум 6-майга жылдырылды.

Буга чейин да соттук отурум бир нече ирет мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жана айрым адвокаттардын келбей калгандыгына байланыштуу жылдырылган болчу.

Эске сала кетсек, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында, УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери каза болгон жана 175 адам ар түрдүү мүнөздөгү жаракаттарды алып, ооруканаларга кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM