Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 3-мартка жылдырылды

Кыска кабар | 28 Фев 2020 | 626 | 0

Кой-Таш окуясына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы отурум 3-мартка жылдырылды. Бул тууралуу айыпталуучулардын бири, Социал-демократтар партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Буга чейин сот отуруму 2-мартта башталаары кабарланган. Соттук териштирүү 3-мартка жылганы боюнча Биринчи май райондук соту азырынча расмий түшүндүрмө бере элек.

Бул кадам камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлери 2-мартта митинг уюштурганына байланыштуу болушу ыктымалдыгын Жолдубаева болжолдогон.

 

Copyright © 2017 Maral FM