Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясы боюнча сотко Атамбаев алынып келинди

Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 686 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди бүгүн, 29-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алып келишти. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыркы Кой-Таш окуялары боюнча ачылган кылмыш ишин кароо боюнча соттук отурум өтөт.

Буга чейин сот бир нече ирет мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жана айрым адвокаттардын келбей калгандыгына байланыштуу жылдырылган болчу.

Эске сала кетсек, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында, УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери каза болгон жана 175 адам ар түрдүү мүнөздөгү жаракаттарды алып, ооруканаларга кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM