Биз менен байланышыңыз

Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүгө катышат

Кыска кабар | 28 Фев 2020 | 622 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча 2-мартка белгиленген соттук териштирүүгө катышат. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Урматтуу достор! Кой-Таш окуясы боюнча 2-мартта боло турган соттук териштирүүгө Алмазбек Алмазбек дагы катышат. Ал укук бузууларга жана мыйзамсыздыкка каршы чыккан тарапташтарынын жанында болот», — деп жазды Жолдубаева.

Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү Биринчи май райондук сотунда саат 9.30да башталат.

Copyright © 2017 Maral FM