Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча 2-мартка белгиленген соттук териштирүүгө катышат. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.
«Урматтуу достор! Кой-Таш окуясы боюнча 2-мартта боло турган соттук териштирүүгө Алмазбек Алмазбек дагы катышат. Ал укук бузууларга жана мыйзамсыздыкка каршы чыккан тарапташтарынын жанында болот», — деп жазды Жолдубаева.
Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү Биринчи май райондук сотунда саат 9.30да башталат.