Биз менен байланышыңыз

Жолдубаева үй камагына алынып, Мискенбаев камалды

Кыска кабар | 28 Дек 2019 | 2267 | 0

КСДП партиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Асел Кодурановага, төраганын орун басары Ирина Карамушкинага, Кундуз Жолдубаевага жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мээрбек Мискенбаевге массалык түрдө башаламандык уюштуруу, туткунга алуу жана бийликти күч менен тартып алуу беренелери боюнча айып тагылууда. Бул тууралуу КСДП партиясынын социалдык тармактагы баракчасына жазылды.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук соту алардын баш коргоо чарасын карап, Жолдубаеваны 2020-жылдын 9-февралына чейин үй камагында калтырды.

Ал эми Мискенбаев 2020-жылдын 9-февралына чейин убактылуу кармоочу жайга камалды.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асель Кодуранова менен Ирина Карамушкина үй камагында калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM