Биз менен байланышыңыз

Аида Салянова 26-августка чейин камакта калды

Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 842 | 0

Экс-башкы прокурор, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова 26-августка чейин камакта калды.

Бишкек шаардык соту бүгүн, камактагы экс-башкы прокурор жана мурдагы депутат Аида Салянованын баш коргоо чарасын карап, ушундай чечим чыгарды.

Буга чейин Биринчи май райондук соту Салянованы 26-августка чейин камакта калтырган чечим чыгарган болчу. Шаар соту да ал чечимди күчүндө калтырды.

Салянова өзү сотко алынып келинген жок. Анын ден соолугу начарлап, дем ала албай калып жатканын жактоочусу билдирген.

Аида Салянова «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 26-августка чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган.

15-июнда ден соолугу текшерилип, ооруканага которулган. Он төрт күндөн кийин кайра тергөө абагына жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM