Биз менен байланышыңыз

“Акнет” жетекчилери жашырган миллиондогон салыктык төлөмдөр ачыкка чыгууда

Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 553 | 0

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы “Акнет” ишканасынын миллиондогон сомдук салыктык жашырууларын аныктап чыкты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат.

Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) тарабынан «Акнет» жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти К.А. карата кылмыш иши иликтенип, анын жыйынтыгы менен жалпы суммасы 150 000 000 сомду түзгөн салыкты төлөөдөн качуу фактысы аныкталган.

Башкы прокуратура аталган ишти иликтөөнү Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына тапшырган. Иликтөөнүн жүрүшүндө ИИМдин Тергөө кызматы «Акнет» ЖЧКсынын президенти жалпы суммасы 616 816 112 70 сомду түзгөн салыкты төлөөдөн качкандыгы боюнча кошумча фактыны аныктаган.

Ушуга эле катар, жалпы суммасы 384 901 130 сомдук акча каражатын кассага кириштебестен мыйзамсыз эсептен чыгаруу менен ээлеп алуу жана коротуу фактысын аныкташкан.

Учурда «Акнет» ЖЧКсынын президенти К.Ага. карата кылмыш иши аяктап, Башкы прокуратурага иликтөө жана андан ары сотко жөнөтүү үчүн жиберилди.

Copyright © 2017 Maral FM