Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Бажы процедураларын мыйзамсыз жасоо фактысы аныкталды

Кыска кабар | 13 Фев 2020 | 457 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын Ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча жалпы суммасы 253 миң 500 доллардан турган тамеки өндүрүшүнө бажы процедураларын мыйзамсыз жасоо менен Латвиядан Ооганстанга өткөрүүгө аракет кылган фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча 9-январда Жазык процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү боюнча шектүү катары Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери 1982-жылы туулган М.Б. кармалган.

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 30-январда жалпы суммасы 200 миң 200 доллардан турган тамеки өндүрүшүнө бажы процедураларынан мыйзамсыз жасоо үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине ортомчулар аркылуу 65  миң доллар накталай акча берүү учурунда Орусиянын жана Казакстандын жарандарынан турган 1978-жылы туулган К.Д., 1972-жылы туулган Н.К., 1986-жылы туулган Ж.Н., 1974-жылы туулган Т.Н. аттуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

Соттун чечими менен алар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине камакка алынды.

Кайра жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларын жүрүшүндө 5-февралда Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерине тамеки өндүрүшүннө бажы процедураларынан мыйзамсыз жасоо үчүн ортомчулар аркылуу 75 миң доллар берүү учурунда Беларусиянын жараны С.Ю. атуу кармалып, соттун чечими менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине  камалды.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында улуттар аралык кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM