Биз менен байланышыңыз

Жеңиш Молдокматов Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды

Кыска кабар | 14 мая 2021 | 657 | 0

Бүгүн, 14-майда камактагы «TURAN» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды. Кайрылуу Фейсбукка жарыяланды.

Саясатчы кайрылуусунда алгач 6-майда ИИМдин Тергөө кызматына 5-6-9-октябрдагы окуялар боюнча күбө катары чакырылып, Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүмү «Имараттарды жана курулмаларды басып алуу» менен шектелип, саат 20:00дө Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык камакка алынганын, кийин 8-майда аталган берене Жазык кодексинин 264-беренеси 1-бөлүмү «Массалык башаламандыктарды уюштуруу» деп өзгөртүлүп, Биринчи Май райондук соту 6-июлга чейин камакта калтырганын жазган.

Ошондой эле ал камалгандан тартып, бүгүнкү күнгө чейин мыйзамды одоно бузуулар болуп жатканын айткан.

«2020-жылы октябрь окуяларынын жыйынтыгында Садыр Жапаров абактан бошоп, ага карата козголгон кылмыш иштери жокко чыгып, же сот аркылуу акталып, президент болгонго чейин жетишти жана Садыр Жапаров демилгелеген Кыргызстандын жаңы Конституциясы кабыл алынды. Белгилүү коомдук-саясий ишмерлер, юристтер белгилегендей: «Башаламандыктарды уюштуруу» беренеси менен мени күнөөлөп, эркиндигимен ажыратуу — бийлик тараптын мага карата саясий куугунтугу деп эсептейм» , — деп айтылат кайрылуусунда.

Мындан сырткары ал депутаттардан Жогорку Кеңеш тарабынан атайын комиссия түзүлүп, 2020-жылдын октябрь айындагы окуялар ар тараптуу изилденип, саясий баа берилишин суранган.

«Ошондогу бийликтин алмашышы төңкөрүш болгонбу же бийликти күч менен басып алуубу? Же кээ бири айткандай, революциябы? — деген суроолорго так жана даана жооптор берилип, октябрь окуяларына расмий «макам» берилиши керек деп эсептейм. Ошол эле депутаттык комиссия тарабынан мага карата козголгон сотко чейинки өндүрүштүн мыйзамдуулугун, аны териштирүүдө жол берилген мыйзам бузууларды да карап чыгып, аларга да баа берүүсүн суранам жана конституциялык укугума ылайык талап кылам», — деген Молдокматов.

Эске салсак, Молдакматов 6-майда камакка алынган. Ошол эле күнү эртең менен саат 10:00дө суракка кирип, саат 13:30да чыккан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулмаларды басып алуу») боюнча айып тагылган. 8-майда 264-берене менен 2 айга камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM