Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясы боюнча иш сотко жөнөтүлдү

Кыска кабар | 26 Фев 2020 | 653 | 0

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев боюнча иш сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратура кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

24-февралда айыптоо корутундусу башпрокурор Өткүрбек Жамшитов тарабынан бекитилген.

25-февралда Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандарга расмий түрдө айыптоо корутундусунун көчүрмөсүн тапшырды. Ошол эле күнү аталган кылмыш иш боюнча материалдар Бишкек шаардык биринчи май райондук сотуна жиберилди.

Ошондой эле аталган окуя боюнча шектелген 5 жаран тергөө менен кызматташууну тандап, учурда алар боюнча өзүнчө ИИМ тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, 7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери каза болгон жана 175 адам ар түрдүү мүнөздөгү жараат алып, ооруканага кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM