Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Атамбаевге Үсөн Ниязбековду өлтүрүүгө шектелген маалымдама тапшырылган

Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 651 | 0

Бүгүн, айрым маалыматтык агенттиктерде Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Альфа» атайын багыттагы командиринин орун басары Үсөн Ниязбековдун өлтүрүлүшү боюнча расмий түрдө айып тагылбаганын билдирген. Буга байланыштуу ИИМ расмий билдирүү жасады.

Билдирүүгө ылайык, 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон фактылар боюнча иликтенип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан,ушул жылдын 18-ноябрь күнү экспертизаларды эске алуу менен иликтөөлөрдүн жыйынтыгында жактоочусу Сергей Слесаревдун катышуусунда Алмазбек Атамбаевге Жазык кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча УКМКнын «Альфанын» командиринин орун басары Үсөн Ниязбековду өлтүрүгө шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылган.

Copyright © 2017 Maral FM