Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Атамбаевди алып келүү тапшырмасы Курсан Асановго берилген эмес

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 1703 | 0

Ички иштер министрлигинин жетекчисинин мурунку орун басары Курсан Асановдун билдирүүсү боюнча ИИМ түшүндүрмө берди.

2019-жылдын 7-август күнү саат 20:00до нөөмөт бөлүмүнө Кой-Таш айылынын жогорку бөлүгүндө атышуу болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Билдирүү түшкөндөн кийин Ички иштер министринин орун басары катары Курсан Асановго маалымдалып, ал ИИМдин ченемдик-укуктук актыларына ылайык, окуя болгон жерге барып, түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымдоо менен өздүк курамдын экипировкасын камсыздап, иш-аракеттерди көрүш керек болчу.

ИИМдин жетекчилигинин жана Өкмөттүн бир канча чалууларына окуя болгон жерде жүргөндүгүн жана өздүк курамды жетектеп жаткандыгын айткан. Бирок, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, андан сырткары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Курсан Асанов 20:00 дон 21:20 чейин «Пинара» мейманканасынын ресторанында достору менен тамактанып жаткандыгы уюлдук телефонун текшерүүгө алганда аныкталган. Саат 21:28 де арадан 1,5 саат өткөндөн кийин гана Кой-Таш айылынан 5 км аралыкта жайгашкан Горная Маевка айылынын жолунда турган ИИМдин, Чүй облустук жана Бишкек шаардык ИИББдин өз алдынча кызматтарынын өздүк курамына барган.

Окуя болгон жерге келген Асанов ыкчам кырдаалды баалабай, УКМКнын кызматкерлерине жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү уюштуруу иштерин көргөн эмес. Ал Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылардын талаптарын бузган.

Эгерде Курсан Асанов Кой -Ташка 21.28де эмес, саат 20.00дө угар замат келгенде, Атамбаевдин тарапташтары аз санда гана болушкан жана УКМКнын «Альфа» кызматкерлери барымтага алына элек убакыт эле.

Дал ушул мезгил ичинде Асанов тиешелүү уюштуруучулук чараларды көрүүдө кемчилик кетирген. Өз убагында коомдук тартипти камсыздаганда, бардык кырсыктуу окуялар болмок эмес.

Асановдун чечимдерди кабыл алууда убакыттын создурулганы Атамбаевдин тарапташтарынын топтолуп, милиция кызматкерлерине таштарды ыргытып, оор жаракаттарды алууларына, «Альфа» кызматкерлерин барымтага алынуусуна, ок атуучу куралдарды тартып алууга мүмкүндүк жаратып, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтар жаралмак эмес.

Мунун баары ИИМдин, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын ИИББнын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин көрсөтмөлөрүндө тастыкталат. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин Нарын облусунан Кой-Ташка саат 01:00до келгенден кийин гана курмандыктардын алдын алуу максатында Ички иштер органдарынын кызматкерлерин алып кетүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Жогорудагы аталган жагдайлар жана себептер жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында жана сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аныкталган.

Андан сырткары, Курсан Асанов өз билдирүүсүндө «ал Атамбаевди суракка алып келүү жөнүндө тапшырманы аткаргандыгын» айтып, коомчулукту адаштырып жатат.

Анткени сотко чейинки өндүрүш боюнча бардык аракеттер тергөө тапшырмасы боюнча ишке ашырылат жана муну аткарууну ага эч ким тапшырган эмес. Мунун негизинде ал өзүнүн билбестигин көрсөтүп, жазык-процесстик мыйзамынын элементардык нормаларын билбегендигин тастыктоодо.

Атамбаевди алып келүү жөнүндө тапшырманы ИИМдин Тергөө кызматы УКМКга тапшырганын баса белгилеп кетүү керек.

Copyright © 2017 Maral FM