Биз менен байланышыңыз

Өкмөт «Коопсуз шаар» боюнча маалыматтарды пайдалануунуда көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

Кыска кабар | 5 Дек 2019 | 409 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорундагы видеокамераларга түшкөн сүрөттөрдүн коомчулукка чыгып кетишине байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагындагы маалыматтардын чыгышын иликтөө жана жарандардын өздүк маалыматтарын колдонуудагы көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновго тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппраттын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинине ыкчам түрдө факты боюнча күнөлүүлөргө чара көрүү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди.

Мухаммедкалый Абылгазиев бул кырдаалда сүрөттөгү адам экинчи планда деп эсептейт.

«Баарынан биринчи «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагындагы жарандардын жеке маалыматтарын пайдалануудагы көзөмөлдү күчөтүү керек. Биз санариптик технологияларды турмуштун бардык чөйрөлөрүндө кеңири колдонууга жетишүүбүз керек. Бул жөнөкөй эле тапшырма эмес. Тилекке каршы, бардык тармакта ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча биздин аракетибиз дайыма сынга жана кыйынчылыктарга кабылат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, адекваттуу жооптуу аракеттер кабыл алынышы зарыл, тагыраак айтканда, жеке маалыматтарды коргоо чараларын күчөтүү жана маалымат системасынын ченемдик мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу керек. Учурда долбоордун кийинки баскычтарын жүзөгө ашыруу боюнча иштер жасалууда. Биз бардык системадагы иштердин уюшкандыкта, так жана коопсуз болушун камсыз кылынышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM