Биз менен байланышыңыз

Чороев: Өкмөт ЕАЭБтеги 5 жылда чабалдыгын көрсөттү

Күн чекит | 2 Дек 2019 | 799 | 0

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке киргенине 5 жыл болду. Бул жылдар аралыгында Кыргызстан кандай жетишкендиктерге жетишти? Биримдиктин оң жана терс жактары, тоскоолдуктары тууралуу коомчулук өкүлдөрү менен пикир алышып көрдүк. Ал эми айрым эл өкүлдөрүнүн арасында «саясий чечимдер кабыл алынып жатат» дегендер да жок эмес. Биз бул боюнча экономист Кубан Чороев менен  маек курдук.

Марал: Кубан мырза айтсаңыз, биз 5 жыл аралыгында эмнеге жетиштик да, эмнеден уттурдук?

-Биримдикке кирүү башында эле оңой процесс эмес экени белгилүү болчу. Анткени биздин экономикабыз майда ишкерликтен турат. Бардыгы жаңы шартка туура келе тургандай акыбалга келип такалады. 5 жылдын ичинде жетишкендиктер да, кемчиликтер да болду. Алсак, үчүнчү өлкөлөрдөн келе турчу унаалардын бажы салыгынын кымбатташы, Орусияда жүргөн биздин мигранттардын жылына болгону жүз миң сом которо алышы ойго салбай койбойт. Бул албетте, биздин эл үчүн тоскоолдуктарды жаратты. Кээ бири «биздин жарандар жылына жүз миң сомго чейин деле которбошу мүмкүн» деп айтышы мүмкүн. Бирок ишкерлерибиз бар да. Аларды да ойлошубуз керек эле. Үчүнчү өлкөдөн унаа ташып, үй-бүлө баккандар бар эле. Менин оюмча, бул биримдикке киргенде элди ойлобой кетирген кемчиликтер. Дагы жаңы 2020-жылдын жаңырышы менен ушуга окшогон эрежелер келип чыгат болушу керек. Ал эми оң жагы ишкерлер үчүн товар жүгүртүүдө эгерде талапка жооп берсе, биримдиктеги өлкөлөр арасында экспорт, импорт жакшы болду. Соода-алаканын өскөнү укмуш болбосо да, бир аз байкалды.

Марал: Бул биримдиктин алкагында Кыргызстанга карата көп тоскоолдуктар бар. Мунун себебин түшүндүрүп бере аласызбы? Биздин өкүлчүлүк чабал иштеп жатабы?

-Биз тараптан талаптар активдүү түрдө көрсөтүлүп, так даана көрсөтүлүп турса чечилмек. Эмне үчүн биримдиктеги жеңилдиктерди коңшу Казакстан эле колдонушу керек? Маселен, Армения үчүнчү өлкөлөрдөн келе турчу унаалардын салыгын көбөйтүүнүн мөөнөтүн ары жылдырыптыр. Эмне үчүн биз да мындай кыла албайбыз? Албетте, бул ошол ЕАЭБдеги иштеп жаткан топтун, кыргыздар тараптын иштебей жатканы. Же болбосо бул жерде саясий бир кызыкчылык ойноп жатат. 2019-жылы Казакстанга товар өткөрөрдө эле канчалаган кыйынчылыктар жаралды. Ишкерлерибиздин канчалаган товары күйүп кетти. Бул сыяктуу кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн алдын ала иштер жүрүшү керек эле.

Марал: Кыргызстан биримдиктеги жеңилдиктерди өзүбүз кандай колдонуп жатабыз? Мисалы, башка айрым өлкөлөр ЕАЭБге кирбесе да бир топ жакшы жетишкендиктерге жетти?

-Орусияда иштеп жаткан биздин мигранттардын ал жактагы тажик жарандарынан же өзбек жарандарынан статусу алда канча өйдө. Бул жагынан жакшы. Эгерде биз бул биримдикке кирбей койгондо да бир жагынан болбой калмак. Эмнеге дегенде биздин ишкерлердин көп товарлары, соода жүгүртүү жагы аксамак. Ошол эле учурда ЕАЭБке кирип алып, жеңилдиктерди жетишерлик деңгээлде колдонбой, элди кыйнаганыбыз да жакшы эмес. Товарларыбыз Орусиянын же Казакстандын рыногунда жетишерлик деңгээлде коюлбай жатат. Орусияга өтпөй жатат. Талаптарга жооп бербейт деген эле жоопторду угуп жатабыз. 5 жылдык өттү. Эми келерки 5 жылдыкта жакшылап көнүшүп алып, чоңдор, экономика министри жана өкмөт кетирген катасын кайра кайталабашы керек. 

Copyright © 2017 Maral FM