Connect with us

Доллардын кымбатташынан эң көп айыл чарба, тоо-кен тармагы жабыркайт

Саясат | 2 Окт 2020 | 950 | 0

Шайлоо өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан мезгилде улуттук валюта сомдун куну күн сайын арзандап, доллардын куну өсүүдө. 1-октябрь саат 10:00го карата бир доллардын баасы 79.600 сомдо ашып, 80 сомду багынтууга аз калды. Сомдун курсу күн сайын күчүн жоготуп баратканына байланыштуу Улуттук банк жыл башынан бери 13 жолу валюталык интервенция жасап, жалпы 238,6 млн доллар сатты. Сентябрда эле 4 жолу интервенция жасоо менен абалдан чыга алган жок.  Буга эмне себеп болууда жана эмне менен түшүндүрүүгө болот.

Акыркы үч жылдан бери 69 сомдун тегерегинде туруктуу сакталган доллар быйыл март айында кымбаттап, 1 доллар 84 сомдон ашты. Доллардын мындай кымбатташы биринчи кезекте импорттук товарлардын  кымбатташына алып келет. Өлкөдө импорт Ички дүң продукцияга салыштырмалуу 60-70%ын түзөт. Ошол эле учурда Кыргызсандын экономикасы тышкы соода-сатыкка өтө ачык, мисалы күйүүчү май толугу менен импорттолот. Доллар сомго карата 15 %га кымбаттап жаткандыктан, импорттук товарлар да 15%га чейин жогорулашы мүмкүн экендигин экономика боюнча эксперт Кубан Чороев билдирди.

Кыргызстандын валюталык системасы Кыргызстандын экономикасына ылайыктуу эмес. Валюталык режимди өзгөртүп сомду Улуттук банктын резервдерине байлаш керек. Башкача айтканда сомду бир курс менен долларга байлап коебуз деген. Негизинен тышкы соодасы көп өлкөлөргө ушундай валюталык режим туура келет. Биздин Улуттук банк 20 жылдан бери туура эмес валюталык саясат жүргүзүп келет. Ар төрт жыл сайын биздин валюта 15%га арзандай берет. Мына ушунтип ар бир 4 жыл сайын арзандай берсе биз эч качан жакырчылыктан чыкпайбыз.

Ошондой эле Кубан Чороев дедолларизация реформасы эч качан натыйжа бербей тургандыгын, бул абалдан чыгуу үчүн Валюталык башкаруу системасына өтүү керектигин кошумчалады.

Кыргызстан «туруктуу валютабыз бар» деп айтканы менен сомду колдош үчүн дайыма мамлекеттик бюджеттен интервенция жасап келет. Албетте сомдун курсун кармоо улуттук валюта үчүн маанилүү, бирок мынчалык деңгээлде колдоону туура эмес экендигин эксперттер эскертип келишет. Себеби, ал өлкөнүн сувенрендүүлүгүн кармоо үчүн өлкөнүн жетекчилигине гана керек болуп, кыргыз сомун эч ким тааныбагандыгы айтылып келет. Улуттук банктын интервенция жасап туруусу сомдун турктуу сакталышына таасир эте албай турганын жана сомду эркин жүгүртүүгө коюу керектигин экономика боюнча эксперт Эркин Абдыразаков айтты.

Бул таасир эте албайт. Себеби дегенде өлкөдө жеке менчик чет өлкөнүн капиталы менен иштеген банктар көп болуп, алар жалаң гана капиталды алып чыгуу менен гана алектенишип, кредит берүү жана акча алмаштуруу кызматтарын гана аткарышат. Интервенция кылганда акчаны чоң-чоң комерциялык банктардын бир-экөө эле алып коюп, доллардын дагы жогорулап кетүүсүнө таасир этет.

Абдрзаков мындан сырткары өлкө милдеттенмелерин толук кандуу төлөп бүтпөгөндүктөн, алдыда доллардын курсу жылдын аягына чейин дагы өсө турганын белгиледи.

Өлкөдө сом менен эч ким иш жүгүртпөй, пара алуудан баштап, инвестиция алууга  жана акча сактоого чейин баардык иштер доллар менен жүргүзүлгөндүктөн доллардан арылуу мүмкүн эмес. Ошол эле учурда сом менен чет өлкөлөрдөн эч ким эсептешпейт, ошол эле учурда бартердик негизде бере турган да эч нерсе жок. Ошондуктан 2015-жылы кабыл алган дедоларизация программасын ишке ашпай турган долбоор экендигин эксперттер айтып келишет. Ошондой эле бир доллардын 80 сомго келип калганын өлкөдө валюталык реформа жасоо, башкача айтканда девалвация кылууга алып келгенин эскертишүүдө.

Мындай көрүнүштү Улуттук банк дүйнөдө жана өнөктөш мамлекеттердин каржы рыногунда болуп жаткан олку-солку абалга байланыштырып келет. Сунушка караганда суроо-талап көп болгондугун жана доллардын глобалдык өсүү тенденциясына байланыштуу доллардын баасы өскөндүгүн, дүрбөлөңгө барууга эя кандай негиз жок экендигин Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Ушул жылдын башынан баштап 1-окутябрга чейин доллардын расмий курсу 14,5 %га жогорулады. Улттук банк валюталык интервенция жасоодон башка, акча кредит саясатын жүргүзгөн иш чаралары бар. Биздин рынокко жана ошондой эле банктарга сом менен бериле турган сунуштарды көбүрөөк берүү. Биздин керектөөчүлөрдүн жүргүзгөн соода-сатык операцияларын жалаң сом менен болуу үчүн улуттук валютанын баркын көтөрүү үчүн иш аракеттер жүргүзүлүп жатат. 

Доллардын курсу төмөндөп же жогорулап турушу адаттагыдай эле көрүнүш, мындан эч кандай кооптонууга негиз жок. Улуттук банк анализдеп мониторинг кылып турат. Негизинен бизде эл аралык камдар жетиштүү, 3 млрд доллардын тегерегинде. Өлкөнүн эл аралык камдарынын көлөмү 3 айлык импорттон кем болбош керек. Бүгүнкү күндө биздин эл аралык камдар 6 айлык импортко барабар. Эл аралык стандарттардан дээрлик 2 эсе жогору. 

Доллардын кымбатташынан негизиген айыл-чарба жана тоо-кен тармагы жабыркап, акциялардын наркынын төмөндөөрү айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM