Биз менен байланышыңыз

Чороевдин чогулткан колдору боюнча БШК жооп берди

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Дек 2020 | 615 | 0

Президенттикке талапкерлерден эң көп 59 миң 992, ал эми эң аз 30 миң 106 кол тамга чогултулду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мыйзамга ылайык талапкерлер 30 миңден аз эмес, 60 миңден көп эмес кол тамга чогултууга тийиш.

«Президенттикке талапкерликтен четтетилген Кубанычбек Токтосунов 30106 кол тамга өткөрдү. Тилекке каршы, баракчаны бир эле киши толтурганы көрүнүп калды. БШКын мүчөлөрү жана тийиштүү адистер бир сыйра карап чыгып, өздөрүнүн тыянагын чыгарды. Ага ылайык 900дөн ашык кол тамга анык эмес экени аныкталды. БШК мындан улам андан аркы текшерүүнү токтоттук. Токтосунов өзү да моюнга алып, арызданууларын алып салды», — дейт Сариев.

Ал мындан сырткары, кол тамгалары жараксыз болгондуктан президенттикке талапкерлердин арасынан четтетилген Кубан Чороев тууралуу да маалымат берди.

Ага ылайык, Чороев 39 миң 53 кол тамга тапшырган. Мыйзам боюнча кол тамга баракчалары шайлоо фондуна которгон акчанын эсебинен чыгарылып берилет. Ал эми Чороев башка каражаттын эсебинен баракча чыгартып, кол чогултуп баштаган. Мындай тартипте чогултулган кол тамгалар жараксыз деп табылат.

«Чороев чогулткан кол тамгалардын баарын жараксыз деп табууга туура келди. Бирок мындай чечимге Чороев макул болбой, сотко кайрылды. Биринчи инстанция аларды туура эмес деген чечим чыгарды. Эгерде Жогорку Сотко кайрылса, жакында каралышы мүмкүн. Ал мени күнөөлөп жатат, бирок Чороев менен тааныштыгым да жок, көргөн да эмесмин», — дейт Сариев.

Белгилей кетсек, 18 талапкердин кол тамгасы жарактуу деп табылып, күбөлүк берилген.

Copyright © 2017 Maral FM