Биз менен байланышыңыз

Жаманкулов Ош Улуттук драма театрынын оңдоп түзөө иштери менен таанышты

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 481 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Султан Ибраимов атындыгы Ош Улуттук драма театрынын оңдоп түзөө иштери менен таанышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда тетарда иштеп жакан кызматкерлер жана көрүүчүлөр үчүн шарт түзүү максатында жасалып жаткан жумуштар менен театр жетекчиси Шерали Бекташев тааныштырды. Бүгүнкү күндө театрдын имаратынын сырты, өрт коопсуздугу, көрүүчү залдын желдеткичи, сахнанын механикалык жабдуулары, грим бөлмөлөрү жаңылоого муктаж болчу.

Бүгүнкү күндө Т. Абдымомунов атындыгы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында иштер жүрүп, Ч. Айтматов атындыгы Улуттук орус драма театрынын долбоордук сметасы иштелип чыкты. Жакынкы арада ремонт иштери башталат. Ал эми, аймактарда М. Рыскулов атындыгы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театры да ремонттон өткөн. Ал эми бул сыктуу маданият тармагына караган имараттарды оңдоп-түзөө иш-аракеттери мындан ары да этабы менен уланмакчы.

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры 1972-жылы түзүлгөн. Бул тетарды коомдук ишмер Султан Ибраимов өзү демилге көтөрүп негиздеген.

Copyright © 2017 Maral FM