Биз менен байланышыңыз

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев сотко жеткирилди

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 577 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевди бүгүн, 29-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна мажбурлап алып келишти. Бул тууралуу жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Райондук сотто «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иш жабык эшик артында каралып жатат.

Батукаевдин иши боюнча жалпы 19 адам айыпталып жатат. Алардын арасында Алмазбек Атамбаев, мурунку башкы прокурорлор Аида Салянова менен Индира Жолдубаева да бар.

Батукаев 2013-жылдын апрель айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Дарыгерлер ага ошол кезде “оор лейкоз” илдетине чалдыккан деген диагнозду коюшкан. Нарында камакта жаткан жеринен тарыхый мекени Чеченстанга учуп кеткен. Ошол кездеги күч органдары бул иште мыйзам бузуу болгон деп эсептешкен эмес.

Батукаевдин абактан бошотулушун иликтөө иши 2019-жылы кайра жанданган.

Copyright © 2017 Maral FM