Биз менен байланышыңыз

«Ош шаары- Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорунун жабылыш аземи өтөт

Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 520 | 0

29-30-ноябрь күндөрү “Ош шаары- Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык долбоорунун жабылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Салтанаттуу жабылыш азем Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында кеңири коомчулуктун катышуусу менен өтөт.

Иш-чаранын алкагында “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин 37- отуруму өтөт. Жыйынга “Түрксой” уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин маданият министрлеринин катышуусу күтүлүүдө.

Түрксой уюмуна Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстан мүчө мамлекеттер болуп, ал эми, байкоочу мамлекет катары Алтай, Гагаузия, Башкортостан, Хакасия, Саха, Татарстан, Тыва жана Кипр мамлекеттери эсептелет.

“Түрксой” уюмунун туруктуу кеңеши өз жыйынын 1993-жылдан бери өткөрүп келет. Жыйында маданият министрлери түрк дүйнөсүнүн маданий саясатын жүргүзүүнү макулдашуу максатында тегерек столго чогулуп, маданий кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча приоритеттүү чечимдерди кабыл алышат.

Copyright © 2017 Maral FM