Биз менен байланышыңыз

Токаевдин мамлекеттик сапары бир катар документтерге кол коюу менен жыйынтыкталды

Кыска кабар | 27 Ноя 2019 | 615 | 0

Кол коюлган эки тараптуу документтер:

— Кыргыз- казак мамлекет башчыларынын Биргелешкен Декларациясы;

— Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыктын 2020-2022-жылдарга Комплекстүү программасы;

— Кыргыз Өкмөтү менен Казак Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын «Ак-Тилек-автодорожный» жана Казакстандын «Карасу-автодорожный» өткөрмө пункттарынын ортосунда жаңы көпүрөнү куруу жана жана азыркы көпүрөнү реконструкциялоо боюнча биргелешкен өз ара аракеттер жөнүндө Макулдашуу;

— Кыргыз Өкмөтү менен Казак Өкмөтүнүн ортосундагы миграция чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

— Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы Штабы менен Казакстандын Коргоо министрлигинин ортосундагы Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн жана Казакстандын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер аба майдандарында аскер аба кемелерин кабыл алууну, аэродромдук-техникалык камсыздоону жана кайтарууну уюштуруу тууралуу Келишим;

— Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен Казакстандын Финансы министрлигинин Финансылык мониторинг боюнча комитетинин ортосундагы экономикалык жана финансылык кылмыштарга каршы күрөшүүдө кызматташуу тууралуу Келишим;

— Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы өз ара кызматташуу тууралуу Келишим;

—Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен Казакстандын Соода жана интеграция минисрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча комитеттеринин ортосундагы метрологиялык көзөмөл жүргүзүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу боюнча өз ара кызматташуу тууралуу Меморандум;

— Кыргызстандын Инвестицияларды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги менен Казакстандын «КазахИнвест» УК Акционердик коомунун ортосундагы Келишим;

Мамлекеттер аралык Жогорку Кеңештин Бешинчи отурумунун жыйынтыктары боюнча төмөнкү чечимдерге кол коюлду:

— Кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары карай өнүктүрүү жөнүндө;

— Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын өткөрмө пункттары жөнүндө;

— Логистика чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө;

— Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташуу жөнүндө.

Copyright © 2017 Maral FM