Биз менен байланышыңыз

Президент Казакстандын Тышкы иштер министрин кабыл алды

Кыска кабар | 29 мая 2021 | 694 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-майда, өлкөгө расмий иш сапары менен келген Казакстандын премьер-министринин орун басары — Тышкы иштер министри Мухтар Тлеубердини кабыл алды.

Саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары жөнүндө пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров учурда эки өлкөнүн алдында мурда жетишилген макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жаатта кызматташуу милдеттери турганын белгиледи.

Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларга жана Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча маселелерге да токтолушту.

Казакстандын Тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди мамлекет башчысына Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин саламын жеткирди.

Ал расмий иш сапарынын башкы максаты эки өлкө ортосундагы боордоштук мамилелерди тереңдетүү экендигин белгиледи.

Тышкы иштер министри Казакстан Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяларды олуттуу кабыл алганын кошумчалады.

Мухтар Тлеуберди Казакстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө, консультативдик колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап тең өлкөлөр ортосундагы стратегиялык мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM