Биз менен байланышыңыз

Токаев 2022-жылдын башында Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 654 | 0

8-сентябрда Нур-Султан шаарындагы «Акордо» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев президент Касым-Жомарт Токаевге ишеним грамотасын тапшырды.

Дүйшекеев өз ишинде эки өлкөнүн ортосундагы жакшы коңшулуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана ар тараптуу кызматташуунун негизинде пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниеттенип жатканын белгиледи.

Токаев салтанаттуу сөзүндө Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, ушул жылдын март айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапарынын жыйынтыктары кызматташтыкты кеңейтүүдө таяныч болорун белгиледи.

Мындан тышкары, Казакстандын башчысы 2022-жылдын башында Бишкекке жооп иретинде баруу ниетин ырастады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM