Биз менен байланышыңыз

Казакстанда өзгөчө кырдаал апрелдин аягына чейин узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 775 | 0

Казакстанда өзгөчө кырдаал режими апрель айынын аягына чейин узартылды. Бул тууралуу  Tengrinews.kz жазды.

15-апрелде өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүү жөнүндөгү президенттин жарлыгынын мөөнөтү аяктамак.

«Өзгөчө кырдаал абалын, жок дегенде, апрелдин аягына чейин узартууга туура келет. Эпидемияга байланыштуу кырдаалды жөнөкөйлөтүү мүмкүн эмес. Ушул себептен борбор калаада, Алматыда, Шымкентте жана тиешелүү аймактарда карантин режимин апрель айынын аягына чейин узартабыз», -деди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти белгилегендей, бул элге жакпаган чечим, анткени адамдар көчөгө чыгып, көнүмүш турмушту калыбына келтирүүнү каалашат.

«Бул атамекендик жана эл аралык вирусологдордун сунуштары», — деди ал.

Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 780ден ашты.

Copyright © 2017 Maral FM