Биз менен байланышыңыз

Токаев Кыргызстанга келсе, чек ара маселеси каралат

Саясат | 25 Ноя 2019 | 1133 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 27-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет. Жолугушуу президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен болот. Анда кыргыз-казак өлкөлөрүнүн ортосундагы бир катар документтерге кол коюлуусу күтүлүүдө. Мындан сырткары, 28-ноябрда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги жыйыны өтөт. Иш-чарага Орусия, Беларусь, Казакстан, Тажикстандын мамлекет башчылары жана Армениянын премьер-министри катышат.

27-ноябрь күнү Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жоомарт Токаев Кыргызстанга биринчи жолу мамлекеттик иш-сапары менен келет. Анда эки өлкөнүн ортосундагы алака, бир катар иштер каралып, документтерге кол коюлат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди.

Маалым болгондой, мамлекеттик визит – эки тараптуу саясий алакалардын бийик деңгээлде экендигин тастыктап турган визиттердин жогорку формасы. Визиттин алкагында актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, кыргыз-казак кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлат деп пландап жатабыз. Ошондой эле, чек ара, транспорт, миграция, саламаттыкты сактоо жана башка бир катар тармакка байланыштуу документтерге кол коюлат.

Казакстандын президенти мамлекеттик иш сапары менен Бишкекке келет

27-ноябрда мамлекеттик визит менен Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жоомарт Токаев келсе, ал эми 28-ноябрь күнү Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги жыйыны өтөт. Президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен сессиянын ишине Россия, Беларусь, Казакстан, Тажикстандын мамлекет башчылары жана Армениянын премьер-министринин жана КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы – аткаруучу катчысы Сергей Лебедевдин катышуусу күтүлүүдө. Эки күндүк мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаранын коопсуздугу дыкат каралып жатат. Мындай маалыматты Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирип, борбор калаабыздын айрым көчөлөрү жабыларын да кошумчалады.

-Биз ушул жылдын жай мезгилинде Шанхай кызматташтык уюмун өткөргөн болчубуз. Анда эс алуу болгондуктан, жолдорду жабуу көп деле кыйынчылык жараткан эмес. Ал эми бул эки күндүк иш-чарада биз жарандарыбызга тоскоолдук кылбаганга жана тыгындардын мөөнөттөрүн аз кылганга аракет жасадык. Ошондуктан биз Бишкектин тургундарынан эки күндүк мамлекеттик саммитке колдоо көрсөтүп, түшүнүү менен кабыл алып, туура мамиле кылууңуздарды суранам.

Президент болгону биринчи жолу Казакстандын президенти Токаевдин Кыргызстанга келиши эмнени берет? Эки мамлекет ортосундагы көйгөйлөр чечилеби? Биз бул боюнча эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгулга кайрылдык. Ал чек миграция маселеси каралса, ал жакта жүргөн кыргыздардын кантип жашап жатканы тууралуу маалыматтар берилип турушун айтып, ошондой эле буга чейин көйгөй жаратып келген чек ара маселеси да көз жазымда калбай, жетишерлик деңгээлде чечилет деген ойдо:

-Биз кайсы маселелердин караларын билдик. Бирок алардын арасында көп тармактуу иштер бар. Кайсынысына кол коюлары азыр белгисиз. Бирок жаңы президенттин биздин мамлекетке келиши менен эки өлкөнүн ортосундагы көйгөйлөрдүн чечилиши байкалса керек. Мен чек ара маселеси каралат болуш керек деп ойлойм. Анткени жүк ташуучу унаалардын буга чейинки пробелмалары, миграция маселелери талкууланышы керек. Казакстанда жашап жаткан кыргыздардын жашоосу, аларга кандай жеңилдиктер берилгени тууралуу бизде анчейин деле маалымат жок да. Алардын шарттары да каралышы керек. Биз мамлекетке керектүү, натыйжалуу жана олуттуу көйгөйлөр чечилип, маанилүү документтерге кол коюлат деп үмүт кылыбыз.

Казакстан кыргызстандыктардын унааларын кайрадан өткөрбөй жатат

Токаевдин келиши Кыргызстандын экономикасына кандай таасирин тийгизет? Биз бул суроо менен экономист Эрлан Камаловго кайрылып, бир катар көйгөйлөр тууралуу сурадык. Ал кыргыз-казак соода алакасындагы тоскоолдуктар жоюлуп, соодагерлер үчүн жеңилдиктердин каралышы керектигин айтты. Ошондой эле, Казакстандан көбүн эсе дан азыктары, күйүүчү май жана курулуш материалдары импорттолуп келгендиктен, эки тараптуу ыңгайлуу келишимдер каралып, бул багыттагы документтерге да кол коюлушу керек деп эсептейт:

-Биз каалайбызбы же каалабайбызбы мигранттардын акча которуусу улуттук банкка түзмө-түз тиешелүү болот. Мындан улам, биз Казакстан менен жакын жана боордош өлкө болгондугубуздан соода алакасын бекемдеп, тоскоолдуктарды жаратпастан, тескерисинче, азайтышыбыз керек. Кыргызстандан чыгарылып жаткан жеңил өнөр жайларында Казакстандагы жасалма тоскоолдуктар бүгүнкү күнгө чейин айтылып эле келет. Мамлекет тарабынан кылынбаса да, бул атайын жасалган тактика. Ушул сыяктуу көйгөйлөрүбүздү чечпесек, биз алакабызды, экономикабызды өнүктүрө албайбыз.

Кошумчалай кетсек, казак-кыргыз өлкө башчыларынын жолугушуусунда Бешинчи кыргыз-казак мамлекеттер аралык кеңеши өтөт. Бул акыркы беш жыл аралыгындагы биринчи саммит. Анын жыйынтыгында бир катар документттерге кол коюлары да айтылды.

Казакстандын чектөөсү картошка көйгөйүн курчутту

Copyright © 2017 Maral FM