Биз менен байланышыңыз

Казакстан кыргызстандыктардын унааларын кайрадан өткөрбөй жатат

Коом | 24 Июл 2019 | 1013 | 0

22-июлда Казакстандын чек арасы кыргыздардын жүк ташуучу унааларын өткөрбөй жатканы тууралуу видео интернетке тарады. Анда кыргыздардын казактарга болгон нааразычылыгы, казак тараптын унааларды себепсиз өткөрбөй жатканы айтылды. Ал эми Казакстан буга чейин да коюлуп келген дооматтарды, тагыраагы, аткезчилик жол менен товарларды өткөрүп жатат деген айыптоолорду коюшууда. 12-июлда эки өлкөнүн премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Аскар Мамин Казакстан аркылуу товар өткөрүү режимин либералдаштыруу боюнча сүйлөшүү жүргөн. Бирок көйгөй дале чечиле элегин бүгүнкү күндөгү кырдаал көрсөтүп жаткан сыяктуу. 

«Казакстандын чек арасынан акыркы бир-эки жылдан бери өтүү абдан эле оор болуп калды. Унааларыбызды атайын текшерүүчү рентгенден өткөрүш үчүн 500 тенгеден 2000 тенгеге чейин берип араң өтөбүз», — дейт айдоочу Актилек Самаганов. Ал айрым күндөрү бир гана жүк ташуучу унааны араң өткөрүшкөн учурлар катталарын айтып берди.

— Мен көп жылдан бери жүк ташуучу унаа айдап иштейм. Акыркы 2 жылдан бери кыйын эле болуп калды. Кыргызстандын чек арасынан бат эле өтөбүз. Казакстандын чек арасы кыйнап коет. Акча алат. Анысы аз келгенсип, кээде бир күн кечке күттүрүп, бир эле унааны өткөргөн учурлары да болот. Мурун унааны рентгенге эле салып койсо, азыр ичине чейин кирип текшерип чыгат. Убакыт кетет. Белгиленген мөөнөттөн да кечигип товар алып барабыз. Чек арада эч кандай шарт жок. Жадагалса, суу же даараткана да жок. Бирок анысына деле кайылбыз. Эптеп бат-баттан өтүп кеткенге болгон күчүбүздү жумшайбыз. Кыйналып жан багып келе жатабыз. Кээде жумалап ачка калабыз. Ушул көйгөйдү чоңдорубуз чечпей эмне кылып жүрүшөт, мен такыр түшүбөй койдум? Чек араны жаап салганда 50дөн 200гө чейин фура кезекте туруп калат. Ар ким ар кандай товар алып келет да. Бузулуп кетчүсү бар дегендей.

Ишкерлерди чек ара маселесиндеги кырдаал бир топ түйшүккө салат. Мындай пикирди ЖИА бизнес-ассоциациясынын төрагасы Темир Ажыкулов билдирди. Анын айтымында, Казакстандын чек арасында орун алып жаткан абал саясатташып кеткен. Бул маселени чечүүдө премьер-министр өзү киришип, көзөмөлүнө албаса, башка кызматкерлердин күчү жетпей турганын белгиледи.

— Ишкерлер үчүн чек ара маселесинин ар бир көйгөйү маанилүү. Биздин иштер ал тарап менен тыгыз байланышта да. Казакстандын чек арасында катталып жаткан жагдай саясатташып кетти го? Маселени андан ары ырбатпай чечүү керек. Көптөгөн адамдардын, ишкерлердин жумушсуз калуусу толук мүмкүн.

Ал эми Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү Казакстандын чек арасында орун алып жаткан кырдаалга комментарий бере албай тургандарын маалымдашты.

Кошумчалай кетсек, Казакстан буга чейин да бир канча жолу кыргыз унааларына эшигин жапкан болчу. Мунун себеби катары товарлардын аткезчилик жол менен кирип жатканын жүйө келтиришкен. Ал эми 22-июлдагы чек аранын жабылышын Казакстан өндүрүмдөрүн Евразия Экономикалык Биримдигинин аймагына Кыргызстан аркылуу киргизүүгө болгон аракети деген пикирлер бар. Документтерде көрсөтүлбөгөн товар Кыргызстан аркылуу жашыруун ташылып, жасалма жол менен жөнөтүлгөн учурлар бар экени айтылат.

Белгилей кетсек, мындай жагдайлар мурун сейрек катталса, 2017-жылы Кыргызстандын ошол кездеги өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге карата айтылган сынынан кийин көп каттала баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM