Биз менен байланышыңыз

Казакстандын президенти мамлекеттик иш сапары менен Бишкекке келет

Кыска кабар | 25 Ноя 2019 | 593 | 0

27-ноябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди. Ал визит президент Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен болуп жаткандыгын белгиледи:

Мамлекеттик визит – эки тараптуу саясий алакалардын бийик деңгээлде экендигин тастыктап турган визиттердин жогорку формасы. Визиттин алкагында актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, кыргыз-казак кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлат деп пландап жатабыз, — деп билдирди ал.

Алсак, бул визиттин алкагында чек ара, транспорт, миграция, саламаттыктык сактоо жана башка бир катар тармакка байланыштуу документтерге кол коюлат.

Андан тышкары, бешинчи кыргыз-казак мамлекеттер аралык кеңеши өтөт. Бул акыркы беш жыл аралыгындагы биринчи саммит. Анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат», — деп маалымдады Сыдыков.

Copyright © 2017 Maral FM