Биз менен байланышыңыз

Токаев кыргыз-тажик чек ара чырына байланыштуу билдирүү жасады

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 1422 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал боюнча билдирүү жасады.

Казакстан президентинин сайтына жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат:

«Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек арадагы куралдуу кагылышуулар тууралуу маалыматты кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз жана тажик эли биз үчүн боордош болуп саналат, бизди жалпы тарыхый жана маданий баалуулуктар бириктирип турат.

Биздин мамлекеттерге жана элдерге — тынчтык, толеранттуулук жана өз ара урматтоо мүнөздүү.

Куралдуу кагылышууну токтотуу жана эки мамлекеттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча жетишилген макулдашууну кубаттайм.

Кыргызстан менен Тажикстандын жетекчилери акылмандыгын көрсөтүп, бардык талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен гана чече алышат деп ишенем.

Мен өзүм тарабыман өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга жана өз ара ишенимди калыбына келтирүүгө аракет кылууга даярмын.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги консультативдик жолугушуусунун алкагында мындай чек ара жаңжалдарын жөнгө салуу механизмин иштеп чыгуу мүмкүн деп эсептейм».

29-апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасында болгон эки тараптуу кагылышуудан улам каза тапкан кыргыз жарандарынын саны 13кө жетти.

Ал эми чырдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны — 134. Алардын 25ин атайын тик учак менен Бишкекке алып келген. Экөөсүнүн абалы өтө оор.

Өзбекстан кыргыз-тажик чек ара чырына байланыштуу билдирүү жасады

Copyright © 2017 Maral FM