Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан кыргыз-тажик чек ара чырына байланыштуу билдирүү жасады

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 4419 | 0

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы кырдаалдан улам билдирүү жасады. Бул тууралуу аталган министрликтин сайтына жарыяланды.

Өзбекстан эки тараптан тең жабыр тарткандар көбөйүп бара жаткандыктан, кыргыз-тажик элин ынтымакка чакырды.

«Тараптарды кагылышууну дароо токтотууга үндөйбүз. Абалдын чыңалуусун азайтуу үчүн тараптар бирдей иш алып барып, бир пикирге келиши керек. Бүгүн талашка түшкөн бардык маселелер Борбор Азиядагы элдин ичинде салт болуп калган, кылымдар бою бузулбай келген ынтымактын, коңшулуктун жана өнөктөштүктүн алкагында чечилүүгө тийиш», — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле Өзбекстан абалды тез арада жөнгө салуу үчүн жардам берүүгө даяр экенин кошумчалаган.

29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болгон эки тараптуу кагылышууда 17 кыргызстандык жараат алып, бир жаран каза болду. Жараат алган жарандарга медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Жалпы коопсуз аймакка 848 кыргыз чыгарылды. Анын 498и Баткен шаарына, 350сү Лейлек районуна көчүрүлдү. Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары аларды тамак-аш жана керектүү нерселер менен камсыздап жатат.

Чек арада абал оор бойдон калууда. Атышуу токтой элек.

Copyright © 2017 Maral FM