Биз менен байланышыңыз

Казакстандын чектөөсү картошка көйгөйүн курчутту

Экономика | 21 Фев 2019 | 1032 | 0

Азыр 10 тонна картошкам сатылбай турат. 1 кг 3 сом деп жатабыз. Бирок ага деле кардар жок. Элдин жер төлөөсүнө акысын төлөп сактап жатам. Эми жаз келсе баа дагы түшүп кетсе эмне кылаарымды билбейм. Чекесинен чирикке кете баштады. Талаага айдайын десем андан деле пайда жок болуп калды.

Азыркы тапта картошкасын саталбай күйүп жаткан дыйкандардын көпчүлүгү Ысык-Көл облусунда болуп жатат. Биздин редакцияга Тоң районунун тургуну Медет Молдасанов килограммын 3 сомдон өткөрө албай жатканын айтууда. Өткөн жылы коңшу Өзбекстанга сатам деген илгери үмүтү менен картошканын аянтын көбөйткөн. Эми минтип 10 тонна картошкасы сатылбай чекесинен чирий баштады.

Ал арада Евразия экономикалык биримдигине мүчө Казакстан да 19-февралдан тарта Кыргызстандын картошкасын өлкөгө киргизүүгө тыюу салды. Картошкадан тышкары, алма жана курма, ошондой эле Өзбекстандан анар алып кирүүгө болбойт деген чечим кабыл алды.  Бул жемиштерде комстока куртунун табылганы жүйө келтирилген. Ал эми картошкада алтын түстүү нематода курту көп кездешип жатканы айтылды.

Бул маселе боюнча министрлик Казакстан тараптан расмий билдирүү келе электигин айтууда. Министрдин орун басары Эркинбек Чодуев расмий кат келгенде гана тийиштүү чаралар көрүлөрүн айтууда.

Азырынча эч нерсе айта албайм. Казакстан бизге расмий түрдө эч нерсе бере элек. Документти биз көрө элекпиз. Ошондуктан бул чечимди биз билбейбиз. Эгер ушундай чечимди кабыл алса, чара көрөбүз. Ага чейин эч нерсе айта албайбыз. Бүгүнкү күнү картошканын баасы көтөрүлүп калды. Ак-Сууда 1 кг 6,2 сом. Түптүн өзүндө төрт сом болуп жатат.

Казакстандын бул чечими түшүнүксүз болуп турат. Казакстан менен Кыргызстан бир уюмга мүчө экенин парламент депутаты Аалы Карашев эске салып, мындай кадамдарга кандайча жол берилип жатканына кызыкты.

Биз бүткүл дүйнөлүк сода уюмунун, Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсүбүз. Алар алдын ала бизге айтып андан соң гана киргизиши керек эле. Бул бизге түшүнүксүз болуп жатат. Ансыз да биздин дыйкан-фермерлер кыйналып жатат.  Ысык-Көлдө картошкабыздын баасы түшүп кетти. Эми Казакстан да тыюу салса дыйкандарыбыз эмне болот?

Картошка көйгөйүн өкмөт тез арада чечүү талабын эл өкүлү Мирлан Бакиров да койду. Түшүмдү алуу үчүн штаб түзүү зарыл болуп турганын айтып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү ыкчам жүргүзүүсү керектигин белгилейт.

Мамлекет түз сатып алууну жүргүзүп, дыйкандардан картошканы алышы керек. Ал үчүн штаб түзүп дыйкандардын колундагы түшүмдү толук эсептеп чыгышы керек. Азыр Ысык-Көлдө ишкерлердин заманасы курулуп картошканы кайда алып баарынын билбей отурушат. Ошондуктан өкмөт ушул иш-чараларды оперативдүү жасасын.  

Академик Жамин Акималиев мындай кырдаал Айыл чарба министрлигинин гана туура эмес жүргүзгөн саясатынын кесепетинен чыккан деген ойдо. Макулдашпай туруп берилген сунуш карапайым дыйканды банкротко кептөөдө. Мындан улам, өкмөт башчыны министрге чара көрүүгө чакырат.

Дыйкандар Айыл-чарба министринин сөзүнө ишенген. Былтыр министрлик «Өзбекстан жарым миллион тонна картошка алат айдагыла»- деп коюп, бүгүн күйүп отурушат. Ички керектөөдөн 2,5 эсеге көп эгилип калды. Эми былтыр жаңылып калды десек, быйыл дагы былтыркыдай эле 80 миң гектар айдагыла деп отурушат. Бир мекеменин бир министрдин айынан бүткүл дыйкандар жапа чегип отурат. Бирок эмнегедир ага чара көрө турган өкмөт жок болуп жатат.

 Эске салсак, өткөн жылы 1 млн 400 миң тонна картошка жыйналган. Бул көлөм 2017-жылга салыштырмалуу дээрлик  2,5 эсеге көп.  Жылдык ички керектөө 600 миң тоннаны түзөт.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM