Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шаханов тууралуу даректүү тасма тартылууда

Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 545 | 0

Кыргыз-казак достугун даңазалаган Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана Казак эл акыны Мухтар Шаханов жөнүндө даректүү тасма тартылууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Казак эл акыны Мухтар Шаханов даректүү тасмага тартылуу үчүн Кыргызстанга келип, чыгармачыл сапардын алкагында «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине, Чыңгыз Айтматовдун үй музейине жана Ысык-Көлгө барды.

Руслан Машрапов режиссёрлук кылган даректүү тасманы тартууга Төлөмүш Океев атындагы Кыргыз улуттук киностудиясы көмөктөшөт. Демилге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан көтөрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM