Биз менен байланышыңыз

Асрандиев: Тамак-аш продуктуларын массалык сатып алууларга негиз жок

Кыска кабар | 15 Мар 2020 | 393 | 0

Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн, калк керектөөчү негизги товарлардын, тамак-аш продуктуларынын запасы жетиштүү. Бүгүнкү күндө тынчсызданууга, бааларды көтөрүүгө негиз жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Ал тамак-аш продуктуларын жана товарларды өндүрүү жана ташуу үзгүлтүксүз, кадимки режимде жүрүп жатканын баса белгиледи.

— Айрым базарларда жана кээ бир дүкөндөрдө суроо-талап өсүп, азык-түлүктөрдү массалык түрдө сатып алуу жүрүүдө. Бул айрым адамдардын аракеттеринин кесепети деп ойлойм. Тилекке каршы, кырдаалдан пайдаланып, ашыкча киреше табууну көздөгөн жактар чыгууда. Биз бул аракеттерди туура эмес деп эсептейбиз, бул коомго жана мамлекетке зыян келтирет, — деди Эркин Асрандиев.

Вице-премьер-министр билдиргендей, Казакстан менен чектешкен чек ара жабылган жок. Вируска байланыштуу болгону эки өлкөнүн жарандарынын чек арадан өтүү тартиби өзгөрдү. Жүк жана товарларды ташуу мурдагыдай эле штаттык тартипте жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM