Биз менен байланышыңыз

Дрезденде ханышанын миллион еврого бааланган зер буюмдары уурдалды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2019 | 640 | 0

Германиянын Дрезден шаарында «Жашыл саябан» деп аталган байыркы зер буюмдар музейинен саксондук падышачылыкка таандык экспонаттар тонолду. Уурулар тартип сакчыларынын көңүлүн алагды кылуу үчүн жакын жерде өрт чыгарышкан. Андан соң сепилдин үн чыгаруучу аспабын өчүрүп, терезедеги торду бузуп, айнекти талкалап киришкен.

Изин суутууга жетишкен уурулар видеокөзөмөлгө түшүп калышкан. Бирок азырынча табыла элек.

Уурдалган баалуу буюмдар тарыхый баалуулук катары саналгандыктан, алардын так баасын аныктоо кыйын, ошентсе да «Bild» басылмасы зыян болжол менен бир миллиард еврого барабар деп баалоодо.

«Жашыл саябан» – Дрезден шаарындагы көргөзмө залы жана 3 миңден ашык баалуу буюмдарды камтыган эң таанымал музей болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM