Биз менен байланышыңыз

Кытай Range Roverдин 10 эсе арзан турган көчүрмөсүн жасады [фото]

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 1689 | 0

Кытайдын Hanlong Auto компаниясы тышкы көрүнүшү Range Rover Sport жолтандабасынын үлгүсүнө окшош унаа жасап чыкты.

Hunkt Canticie (кытайча «Куанши») деп аталган жаңы модель Range Roverдин түп нускасынан 10 эсе арзан турат. Жарыяланган сүрөттөрүнөн унаанын тышкы көрүнүшү Range Rover Sport үлгүсүнөн анча айырмаланбай турганын байкоого болот.

Албетте, «оригинал» менен «копиясы» сырткы көрүнүшүнөн окшош болгону менен, жарык берүүчү чырактары сыяктуу майда деталдары аркылуу айырмаласак болот. Бирок эгерде жаңы моделге Range Rover белгиси коюла турган болсо, көпчүлүк «Куаншини» Range Roverдин жаңы үлгүсү катары кабыл кылышы мүмкүн.

Баасы арзан болгондой эле, кытай үлгүсүндөгү унаа кыймылдаткычы боюнча британ унаасынан 2 эсе алсыз. Ошондой эле ылдамдыгы да алда канча төмөн.

Бааларга келсек, Canticie кыйла арзан болуп, орто эсеп менен алганда 18 миң доллар турат. Ал эми Кытайда британиялык Range Roverдин эң арзан үлгүсүн 170 миң долларга, кытайлык үлгүгө салыштырмалуу 10 эсе кымбатка сатып алса болот.

Copyright © 2017 Maral FM