Биз менен байланышыңыз

АКШ: Импичмент боюнча 4 күбө көрсөтмө берди

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Ноя 2019 | 437 | 0

АКШ конгрессинде өлкө тарыхы боюнча 3-ирет өтүп жаткан импичмент боюнча коомдук угуу уланууда.

Демократтардын көпчүлүгү америкалыктарга республикачыл президент Дональд Трамп шайлоо иштерине Украинаны аралаштырууга аракет кылганын далилдеп берүүнү каалап жатышат.

19-ноябрда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетинде өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин Европа иштери боюнча директору Александр Виндман көрсөтмө берди. Бул тууралуу Борбордук Азия Жаңылыктары жазды.

Виндман президент Дональд Трамп менен украин башчысы Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон аркылуу болгон маегине күбө болгон.

Ал АКШнын президенти Байдендин иштери боюнча иликтөө жүргүзүүнү талап кыла алмак эместигин айтты.

Ошондой эле Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко менен Нью-Йорктун мурдагы мэри, Трамптын жеке жактоочусу Руди Жулиани АКШнын Украинадагы саясатына доо кетире турган жалган маалыматтарды таратышканын кошумчалады.

Виндмандан соң АКШ вице-президентинин жардамчысы Дженнифер Уильямс дагы көрсөтмө берди. Ал вице-президент Майк Пенстин командасында кеңешчи болуп иштеген жана Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүсүнө күбө болгон. Уильямс эки президенттин сүйлөшүүсү «өзгөчө» болгонун, анткени «АКШнын ички иштери тууралуу» сөз козголгонун билдирди.

Дагы бир күбө катары көрсөтмө берген АКШнын Украина боюнча мурдагы атайын өкүлү Курт Волкер Трамп менен Зеленскийдин маегине күбө болбогондугун айтты. Украинадан Байдендин иши боюнча тергөөнү улантууна талап кылбагандыгын кошумчалады. Андан сырткары, Жо Байден менен 24 жылдан бери тааныш экенин, анын жемкордукка тиешеси бар экендигине ишенбестигин билдирди.

Импичмент иши боюнча мындан тышкары дагы эки күбө — АКШнын Украина боюнча мурдагы атайын өкүлү Курт Волкер менен Ак үйдүн кызматкери Тим Моррисон көрсөтмө берүүсү уланууда.


Трампка карата импичмент ишке ашканы калдыбы?


Импичмент жарыялоо процедурасынын башталышы, Трампка болгон ишенбөөчүлүк анын Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу болгон маегинен соң башталган.

Демократтар Дональд Трамп башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандыруу менен, шайлоо иштерине Украинаны аралаштырууга аракет кылганын айтып, Трампты чыккынчылык кылды деп айыптоодо.

Трамп өзү айыптоолорду четке кагып, Украинаны жемкордук менен күрөшүүгө гана чакырганын айтып келет.

Copyright © 2017 Maral FM