Биз менен байланышыңыз

Трампка карата импичмент ишке ашканы калдыбы?

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Ноя 2019 | 880 | 0

АКШ конгресси өлкө тарыхында 3-ирет импичмент боюнча коомдук угууну баштады. Демократтардын көпчүлүгү америкалыктарга республикачыл президент Дональд Трамп шайлоо иштерине Украинаны аралаштырууга аракет кылганын далилдеп берүүнү каалап жатышат.

Белгилеп өтсөк, 230 жылдын ичинде өлкөдө эки гана жолу президентке импичмент жарыяланган. Бирок алар кызматынан кеткен эмес.

Учурда Трампка каршы мамлекеттик департаменттеги дипломаттар жана анын админстрациясындагы кызматкерлер күбөлүк кылышууда. Ачык угуу түз эфир аркылуу көрсөтүлүп, андан сырткары, зал ичинде бир топ журналисттер катышууда. Ал эми Трамп жандуу чагылдырылып жаткан импичмент тууралуу угууну көрбөгөндүгүн анын катчысы Стефани Гришам билдирди.

Республикачылар импичмент аракетин бюрократтардын куугунтугу катары баалоодо. Америка лидери Дональд Трамп да ушундай пикирде. «Менден кийинки эч бир президент мындай куугунтукка кабылбашы керек»,- дейт Трамп.

2020-жылы өтүүчү президенттик шайлоодо демократтардан чыккан таасирдүү талапкерлердин бири, Трамптын башкы атаандашыамерикалык саясатчы Жо Байден да АКШ президенти Дональд Трампка импичмент жарыялоо демилгесин колдоп келет.

Уктуруунун алгачкы күнү 

Биринчи күндүн жыйынтыгында АКШнын Украинадагы элчиси Билл Тейлор демократтарды сүйүнтө тургандай маалыматтарды айтып өттү.

Трамп АКШнын Европа Биримдигиндеги элчиси Гордон Сондланд менен болгон сүйлөшүүсүн эске салган Тейлор анда Трамп Украинага байланыштуу маселелерден көбүрөөк Байдендин иши кызыктырарын билдиргенин Сонланд жардамчысына айтканын кошумчалады.

Ал эми Сондланд жаңы күбө катары кийинки угууларда маалымат берери айтылды. Би-Би-Си орус кызматы жазгандай эгерде жардамчылардан бирөө Тейлордун сөзүн ырастаса, андан Трамптын «Украинага Байдендин ишин ачтыруу боюнча кысым жасаган эмесмин» деген коргонуусу алсыздайт.

Сондланд менен Трамптын маеги импичментке кандай таасир бере алат?

Билл Тейлордун билдирүүсү президенттик импичмент тарыхында чоң бурулуш жасашы мүмкүн. Анын айтымында, Трамп менен Зеленскийдин маеги болгондон эртеси күнү АКШ лидери Европа Биримдигиндеги элчи Гордон Сондланд менен байланышкан. Аны Тейлордун жардамчысы уккан.

Трамп Сондланддан «Байдендин иши» боюнча сураганда Сондланд украиналыктар ишти алдыга жылдырууга даяр экендигин билдирген. Ал эми Трамп мындай маектен кабары жоктугун айткан.

Маектен соң Сондланд Тейлордун жардамчысына Трамптын Байденге тийиштүү иликтөө боюнча кызыгып жатканын айткан. Маалымат булактары бул маек Трамптын Зеленскийден «кызмат акысына кызмат» сураганын тастыкташы мүмкүн экендигин жазышууда.

Трамптын юристи Украинада эмне менен алектенген?

Угуу учурунда, Дональд Трамптын юристи Руди Джулиани Украинада эмне кылып жүргөн, чындап эле анын аракеттери Американын кызыкчылыгына дал келеби деген суроолор айтылды.

Мамкатчынын жардамчысынын орун басары Жорж Кент буга: «Менимче, ал Трамптын шайлоодогу каршылашын каралоо жолдорун издештирип жүргөн»,- деген жооп узатты.

Мамкатчынын жардамчысынын орун басары Джорж Кент жана АКШнын Украинадагы убактылуу элчиси Билл Тейлор көрсөтмө берип бутүштү. Алдыда Украинадагы мурунку элчи Мэри Йовановичтин көрсөтмө берери күтүлүүдө.

Импичмент боюнча ачык угуу кийинки жума кайра уланарын демократтар комитетинин жетекчиси Адам Шифф маалымдады. Анын айтымында, кийинки жума «украина иши» боюнча 8 адам көрсөтмө берет. Алардын катарында: АКШ вице-президентинин жардамчысы Дженнифер Уильямс, улуттук коргоо кеңешинде Украина боюнча эксперт Александр Видмен, АКШнын Украина боюнча мурунку атайын өкүлү Курт Волкер, президенттин Украина жана Орусия боюнча кеңешчиси Тим Моррисон бар. Андан сырткары, Орусия жана Украина боюнча коргоо кызматынын жардамчысынын орун басары Лора Купер, АКШнын мамкатчысынын орун басары Дэвид Хейл, Трамптын Орусия боюнча кеңешчиси Фиона Хилл конгресс алдында суроолорго жооп бермекчи.


Трамп импичмент тууралуу пикирин айтты (видео)


Импичмент жарыялоо процедурасынын башталышы Трампка болгон ишенбөөчүлүк анын Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу болгон маегинен соң башталган. Чалгынчы АКШнын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. Конгресс Трампты чыккынчылыкка айыптоодо. Ал эми Америка лидери Зеленскийден Украинада мурдагы вице-президент, президенттик шайлоого аттанып жаткан Трамптын башкы оппоненттеринин бири Жо Байденге жана анын уулуна карата иликтөө жүргүзүүнү суранганын айтат. Президентти импичмент аркылуу кызматтан кетирүү өлкө тарыхында буга чейин болгон эмес.


АКШ: Ак үй Трампка импичмент жарыялоо иштерине катышуудан баш тартты


Буга чейин Ак үй Трамптын Зеленский менен сүйлөшүүсүнүн стенограммасын жарыялаган. Ага ылайык, июлдун аягында Трамп украин лидеринен Байдендин уулуна таандык компаниянын ишмердүүлүгүнө көңүл бурууга чакырган. Буга жооп катары Зеленский Киев тергөө иштерин баштай турганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM