Биз менен байланышыңыз

Трамп импичмент боюнча көрсөтмө берет

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 483 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп импичмент жарыялоо демилгеси боюнча көрсөтмө бериши мүмкүн. Бул тууралуу өлкө башчысы өзү маалымат берди.

Трамптын айтымында, өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Трамптын телевидение аркылуу чыгып, коомдук угуудагы айыптоолорго карата жооп берүүсүн сунуштаган.

— Кат түрүндө жооп берсем да болорун айтты. Эч кандай терс аракетке барбасам да, легитимдүүлүктү чектеген бул жараянды токтотуу үчүн жакшы идея экен. Конгресс кайрадан жумушуна көңүл буруусу үчүн бул сунушту карап чыгам,- деп жазды Трамп.


Трампка карата импичмент ишке ашканы калдыбы?


Импичмент жарыялоо процедурасынын башталышы, Трампка болгон ишенбөөчүлүк анын Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу болгон маегинен соң башталган.

Демократтар Дональд Трамп башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандыруу менен, шайлоо иштерине Украинаны аралаштырууга аракет кылганын айтып, Трампты чыккынчылык кылды деп айыптоодо.

Трамп өзү Украинаны жемкордук менен күрөшүүгө гана чакырганын айтып келет.

Copyright © 2017 Maral FM